Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 
Биз жөнүндө

биздин конуш тууралуу PDF Бастыр E-mail
Шейшемби, 26 Теке 2011 19:37

Максаты

Конуштун максаты – кыргыз тилиндеги мазмундардын (китеп, чыгарма, макала ж.б.у.с.) жетиштүүлүгүн арттыруу аркылуу кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу.

Конуш 2009 ж. Аяк Оона айында түптөлүп башталган. Жеке жарандардын демилгеси менен өз каражаттарына уюштурулган. Китепканабыздагы эң биринчи китеп Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы Манас эпосу болгон. Манас эпосунун электрондук вариантын интернетке эң алгач чыгарган биздин китепкана болгондугун сыймыктануу менен айта алабыз.

2010 жай айларында китепкананы  жеке сүйөрмандык иштен туруктуу негизде өнүгүүчү долбоорго айландыруу максатында “Биздин Мурас” коомдук фонду түзүлгөн. Андан бери конушту өнүктүрүү иштерин "Биздин Мурас" фонду алып барууда.

 

Автордук укуктар боюнча

1. Биздин конуштагы чыгармалардын жана башка мазмундардын автордук укугу сакталат.

2. Конушта жарыяланган мазмундар окурмандар үчүн эркин окууга (таанышууга) берилген.

3. Коммерциялык эмес, жеке колдонуу максатында жарыяланган мазмундун авторуна жана башат конушка шилтеме, интернет ресурстарында гипер шилтеме берүү шартында мазмундарды көчүрүп алуу эркин  жүргүзүлөт.

4. Автор тарабынан окууга эркин берилген, бирок көчүрүп алуу жана эркин таратуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген мазмундар атайын тартипте жарыяланат.

5. Конуштагы кандайдыр бир мазмундардын автордук укугу боюнча маселелер болсо bizdinkg@gmail дарегине кат менен кайрылыңыз.

 

Байланыш даректери

Тел.: 0771 70 42 22

эл-кат:  Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны көрүш үчүн Javascript жандандырылган болуш керек

Жетекчиси: Сааданбеков Чоробек Идирисович.

 

Банк даректери

ОФ «Биздин Мурас»

Инн: 02506201010158

Юр. Адрес: 720000,  г. Бишкек, Ибраимова 24, 3-этаж.

Физ. адрес: 720023, г. Бишкек, 10-22-102

ОКПО: 25715065

РЕГ №. 112457-3301-ОФ от 25 июня 2010 г.

 

«Халык Банк Кыргызстан-Юг»

БИК 125002

Р/с 1250220151650081

 

Кирүү

Жарнак
Жарнак