Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

“Эл-Сөздүк” колдонмосу эми iOS системинде! PDF Бастыр E-mail
Шейшемби, 28 Теке 2015 09:26
banner

“Эл-Сөздүк” – биринчи кезекте кыргыз тилин билген, бирок билгенин дагы өркүндөтө берүүнү каалагандар үчүн түзүлгөн атайын кызмат. “Эл-Сөздүк” 39 жалпы жана тематикалык сөздүктөрдү камтып, 331 853 сөздүктүк сөз корунан жана миллондогон мисалдардан турат.

Эми бул кызмат iOS мобилдик түзмөктөрү үчүн дагы жеткиликтүү болуп калды. Көп колдонулган сөздүктөр түзмөккө түз орнотулат жана интернет аркылуу сайттагы сөздүктөрдөн дагы издөө жүргүзөт. Изделген сөздөрдүн тарыхы сакталат жана керектүү сөздөрдү тандамалдар тизмесине кошсо болот. Андан сырткары, көп колдонулган фразалар жана сөздөр орусча ж-а англисче котормолору менен жана кыргызча аудиолору менен берилген.

Учурдан пайдаланып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө багытталган долбоорлорубузду колдоп келе жаткан Beeline соода маркасына ыраазычылыгыбызды билдире кеткибиз келет.

Колдонмону бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

 
Жарнак
Жарнак