Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

Жапаркул Токтоналиев. "Хан Ормон"
Шаршемби, 08 Үчтүн Айы 2014 10:58

khan-ormon

«Хан Ормон»  — тарыхый роман. Ал 19-кылымда бир тараптан Кокон хандыгы, бир тараптан Цинь империясы, дагы бир тараптан Орус падышачылыгы географиялык жайланышы жагынан стратегиялык мааниси чоң, бирок бирдиктүү мамлекети жок, уруу-уруу болуп бытыранды жашаган Кыргызстандын жерине көз артып, кысымга ала баштаган кыйын кезеңин баяндайт. Роман Ормон хан башында турган түндүк кыргыздарынын өзүнчө мамлекет болуп, көз карандысыздыгын сактоого жасаган аракетин чагылдырат.

 

Китепти даярдап, интернетке чыгарганга бизге чоң жардам берген

Салтанат Асанкожоева айымга чын жүрөктөн алкыш айтабыз!

Байланыштуу материалдар

 
"Манас" эпосу. Жусуп Мамайдын айтуусунда.
Бейшемби, 19 Бештин Айы 2013 18:43


manas200

Залкар манасчы Жусуп Мамай Манасты 8 урпагына чейин аткан жана алардын баары толугу менен биздин китепканада чыгарылмакчы.

Бул китептердерди чыгарууда бизге чоң көмөк көргөзгөн Тынчтыкбек Бекташ мырзага алкыш айтабыз! 



 
Айта бар менин кебимди...
Дүйшөмбү, 23 Теке 2012 11:50

Arslan-Koichiev

Арслан Койчиев Капай уулунун "Айта бар менин кебимди..." тарыхый романы заман менен каармандын тагдырын айкалышын, замандан-заманга өткөн Сөз кудуретинин жаңы тагдырларды, жаңы каармандарды жаратуу жөндөмүн ачып берген, алардын тагдыр түйүндөрдүн байланыштырыган, ары кызыктуу, ары көркөм сөздүү чыгарма.
"Арча" адабий сыйлыгынын лауреаты.

 
Манас эпосу. Саякбай Каралаевдин толук айтымы
Бейшемби, 05 Чын Куран 2012 13:00

 

Китеп толугу менен даярдалып бүттү!

Эпос Манас

 

     
    "Манас" энциклопедиясы
    Шейшемби, 02 Тогуздун айы 2012 15:54

    Энциклопедиянын 2 тому да даяр болду.

    Бул жерден жүктөп алыңыз.

    Экинчи томго "Манастын" сюжетинен тартып - Ярупага чейинки макалалар камтылган.


    Бул энциклопедияны даярдоого жардам берген Батыр Турдуакматка алкыш айтабыз!

    Биринчи том.

    mns_enclpd_1_200

    Колуңузда турган энциклопедиянын көздөгөн максаты кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өз-өз алдынча атайын бөлүмдөрдөн турган көркөм текстин, ошондой эле бул улуу эстеликтин кагаз бетине түшүрүлүш тарыхын, айтуучуларын, мазмунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдык түзүлүшүн, көркөм каражаттарын, топонимикасын, этностук аталыштарын, антропонимдерин, философиялык жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлеринин кеңири чөйрөсүн чечмелеп берүү, маңызын сыгып, ток этер жерин айтып түшүндүрүү болуп саналат.

     
    << Биринчи < Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки > Акыркы >>

    Барак 3 / 6

    Изде

    Кирүү

    Акыркы комментарийлер

    Жарнак
    Жарнак
    Жарнак
    Жарнак