Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

Сынган кылыч
Бейшемби, 19 Үчтүн Айы 2012 12:51
syngan-kyly4
Окурмандарыбыз көптөн-көп суранган, абдан күтүлгөн кыргыздын эң атактуу, эң мыкты тарыхый романы - "Сынган кылыч" биздин китепканабызга кошулду.

Бул китеп жалпы кыргыздын байлыгы болуп калгандыгын туура түшүнүп, китепти интернетке чыгарууга уруксаат берген Райкан Төлөгөнов агайга жалпы окурмандарыбыздын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз!

Китептин текстин окуп чыгып, сканерлөө учурунда кеткен каталардан арылтып чыккан кыргыз китебинин күйөрманы - Фариза Чилмергенова айымга да зор алкыш! 


 
Байдылда Сарногоевдин 80 жылдыгы
Ишемби, 14 Үчтүн Айы 2012 19:08
sarnogoev
 
Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых
Бейшемби, 12 Үчтүн Айы 2012 10:42

Энесай кыргыздарыКөптөн күткөн Астай Бутанаев агайдын Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы жана фольклору боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн китеби биздин китепканабызга кошулду.  Эне-Сай кыргыздары менен Теңир-Тоолук кыргыздардын  тарыхый жана маданий  байланыштарын изилдеген окурмандар үчүн кызыкчылык туудурган эмгек.

Китеп 2002 жылы "Сорос-Кыргызстан" Корунун "Котормочулук" долбоору тарабынан которулуп басмадан жарык көргөн. Которгон профессор, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев. Китепти интернетке жарыялоого уруксат алууга жардам көргөзгөн Тынчтыкбек Чоротегин агайга ыраазычылык билгизебиз!

 
Каныкейдин Тайторуну чапканы
Бейшемби, 24 Жетинин Айы 2011 12:14
taitoru
Саякбай Каралевдин айтуусундагы Каныкейдин Тайторуну чапканы. 
Улуу манасчынын жаздыры калтырып кеткен аудиолоронун ичинен эң бир таасирдүү үзүндүсү.
Бул окуя текст түрүндө бул жерде

Бул аудиону биз менен бөлүшкөн Батыр Турдуакматка алкыш айтабыз!  
Окуянын кыскача баяны:
Каныкей Манас кайтыш болгондон кийин Семетейди алып Букарга атасы  Темирканга качып кетүүгө аргасыз болот.
Ал жактан Семетейди иниси Исмайылга бала кылып берет. Семетей 12 келгенде Каныкей уулум атасы Манастай болоор бекен, элибизге кайтаар бекенбиз деп төлгө кылып, мурун кыргыз жергесинен ала келген күлүгү Тайторуну атасы Темиркандын тойунда ат чабышка кошот. Эненин арманы, эл-жер деген зары, үзүлбөс илгери үмүтү айтылат.
 
Электрондук сөздүк. Русско-кыргызский-словарь
Жекшемби, 20 Жетинин Айы 2011 14:01

Көп багытуу электрондук сөздүк. Электронный кыргызско-русский словарь Юдахина

Биздин желеконушта электрондук сөздүк иштеп баштады.

Биздин сөздүктүн артыкчылыгы анын көп багыттуулугу болмокчу. Биздин сөздүк орусча-кыргызча которуу менен гана чектелбестен, сөздөрдүн кыргыз тилиндеги аныктамаларын жана башка тилдерди дагы  камтымакчы. 

Сөздүктүн негизине Юдахиндин белгилүү кыргыз-орус-кыргыз сөздүгү алынды.

Андан сырткары, азырынча, терминологиялык сөздүк, А. Алдашевдин "Биология терминдеринин жана айбанаттардын аттары" ,  А. Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китебинин негизинде кол өнөрчүлүк боюнча түзүлгөн сөздүктөр кошулду. 

Жакынкы убакта кыргыз -англис сөздүгү даяр болот.

Сөздүктү биз Руслан Чодоев менен биргелешип жасап жатабыз.

Сөздүк азырынча өнүгүү абалдында. Ошондуктан кезиккен кемчиликтерди түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз!

 

 

 
Кара шумкар
Шаршемби, 26 Тогуздун айы 2011 19:13
kara_wumkar

С. Рыскуловдун "Кара шумкар" жыйнагы, автордун төртүнчү китеби.

Бул жыйнакка элдик кушчу, бүркүтчү, балбандардын өмүр баяндары көркөм сүрөттөлгөн.

Китеп толугу менен бүттү.

 
<< Биринчи < Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки > Акыркы >>

Барак 5 / 6

Изде

Кирүү

Акыркы комментарийлер

Жарнак
Жарнак
Жарнак
Жарнак