Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

Саятчылык жана алгыр канаттуулар жөнүндө баян
Шаршемби, 26 Тогуздун айы 2011 10:45

 

kushИтелги, ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө — булар өзүнчө бир тукум, бири-бирине окшош урук. Шумкар ителгинин уругуна кирет. Анын мыктылары майда илбесинден тартып, тоодакка чейин алат. Шумкар белгиси жок ителгилердин кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Шумкар кооздугу менен айырмаланат, Өңү ар түрдүү болот: кара шумкар ак шумкар, көк шумкар, күйкө шумкар, дагы ушу сыяктуу. Канаттуулардын түрүн мыкты билген кишилер аларды учуп баратканда деле таанышат. Ителги уругундагы канаттуулардын бардыгынын (ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө) канат-куйруктары учуп баратканда учтуу келип, жайыла жазылбайт. Алар көбүнчө сызып учпай, канаттарын кагып учат. Конгон ордунан көтөрүлгөнчө ыкшоо келет. Көтөрүлүп узагандан кийин башка канаттууларга жеткирбейт.

 

 
Кол кабыш
Бейшемби, 13 Тогуздун айы 2011 13:30

Саламатсызбы! 


Кыргыз тилиндеги китептерди интернетте таратуу менен биз кыргыз тилинин колдонулушун арттырууну көздөп келебиз. Ушул максатта биз www.bizdin.kg кыргыз тилдүү китептердин китепканасын түзүп чыктык. Азыр китепканада 150 чамалуу китеп бар. Китепкана дайыма толукталып турат. 

 
Комуз күүлөрү
Шейшемби, 11 Тогуздун айы 2011 09:35
Чебер комузчу А.Кайбылда уулунун «Кыргыз күүлөрү» деген эки томдук китеби жарык көрдү

Улуттук опера жана балет театрында 5-октябрь күнү белгилүү күү изилдөөчү жана чебер комузчу Асан Кайбылда уулунун «Кыргыз күүлөрү» деген эки томдон турган китебинин бет ачаары болуп өттү.

Асан Кайбылда уулунун «Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер» деген эки томдугунун биринчи китеби 848 беттен турат. Анда күү кыргыз элинин улуттук руханий дүйнөсү катары бааланып, салттуу музыкалык аспаптардын түрлөрү, үч кыл комуздун бүтпөс сырлары, комузчулар жана комузчулук өнөр жөнүндө сөз болот.

 
Алымбектин санжырасы
Шейшемби, 20 Айак Оона 2011 17:49

alymbek_100Колуңуздагы бул эмгек XVIII кыргыз-калмак ортолору тууралу учкай кабар берип, ал эми кыргыз-казак алакаларынын эң маанилүү учурларын кенен-чонон чагылдырат. Китепти түзүүчүлөр санжырачы Алымбеков Тургубек баяндаган кыргыз-казак окуяларындагы сейрек учуроочу маалыматтарды илимий комментарийлер менен даярдап беришкен. 

Китеп биздин сайтта кыскартылып берилген. Кагаз түрүндө сатып алып окусаңыз болот. Китепке кызыккандар 0555-704-222 телефонуна чалыңыздар. Баасы - 150 сом. Шаар ичинде жеткирип беребиз.

 
Кыргыз элинин эпикалык мурасынын антологиясы
Бейшемби, 08 Айак Оона 2011 17:28

manaschy_cov

Китепканабызда Кыргыз элинин эпикалык мурасынын антологиясы пайда болду. Бул аудио дискке элибиздин улуу мурасы болгон Манас эпосунун айтылыштарынан үзүндүлөр, элдик кенже эпостор кирген.

Долбоордун автору жана координатору Алышбаева Дамира Жумановна.

Антологиянын түүзүүчүсү, филология илимдеринин кандидаты Орозобекова Жылдыз Калмашевна.

Антологиянын алгы сөзүн айткан Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов.

Диск тууралуу толук маалымат

Дисктеги аудиолор бул жерде

 

 

 

 

 

 

 

 

 
<< Биринчи < Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки > Акыркы >>

Барак 6 / 6

Изде

Кирүү

Акыркы комментарийлер

Жарнак
Жарнак
Жарнак
Жарнак