Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

Үч жаштан кийин кеч
Бейшемби, 02 Чын Куран 2015 12:28
179

Китептин автору -  «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука.

Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү  болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт.
Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.

Баланы тарбиялоо боюнча дүйнөгө белгилүү болгон «Үч жаштан кийин кеч»  китеби, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан дярдалып, кыргыз тилине которулган.  Кыргыз тилине которгон Асылбек Жоодонбеков.

 
Кыргыз тилинин тыныш белгилери
Шейшемби, 03 Жалган Куран 2015 09:58
kg_til_tynyw_belgileri

Кыргыз журтуна таанымал адис, белгилүү окумуштуу-тилчи Аскар Турсуновдун китебинде кыргыз тилинин тыныш белгилерин жазууда туура колдоннуунун эреже, жол-жоболору берилди, китеп эне тилинде сабаттуу жаза билүүгө умтулган кыргыз жаштарына арналат.

Кыргыз тилинин тыныш белгилери

 
Э. Турганбаев. Тагай бий жана Мухаммед Кыргыз
Дүйшөмбү, 09 Бирдин Айы 2015 09:36
nophoto

Э. Турганбаев

Тагай бий жана Мухаммед Кыргыз

 
Социалдык-философиялык жактан аял феноменинин болмушунун негизделиши
Ишемби, 06 Бештин Айы 2014 23:42
78-9967-02-678-0Монография аял феноменин социалдык-философия тармагынан, аялдардын көйгөлөрүн изилдөөгө методологиялык принциптерди, салттык мамилелердин инструментарийлерин жана гендердик мамилелерди пайдалануунун негизинде анализдөөгө арналган. Бул эмгекте аял феноменин болумушунун жана коомдук өзгөрүлөр шарттарында аялдардын багыт алуусунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле реформаланган коомдо аялдардын өнүгүүсү үчүн коомдук саясаттын негизги усулдары жана багыттары иштелген. Бул эмгек студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга жана жогорку окуу жайларынын окуутучуларына багытталган. Ошондой эле, аялдар маселесине жана коомдогу жыныстардын өз-ара мамилелерине кызыккандарга, республикабыздагы гендердик абал жөнүндөгү изилдөөлөрдүн багытын аныктоодо, социалдык философия темасындагы, маданият таануу, психология, этика сабактарын өтүүдө кызыктуу идеялардын жана материалдардын пайдалуу булагы боло алат.
 
Жолборс терисин кийген баатыр
Жума, 31 Тогуздун айы 2014 21:55
shota_rustaveli

Дасыккан адабиятчылар менен таланттуу котормочулардын далай сынынан, алтымыш беш миң окурман баамынан өткөн жана көптөгөн калемгерлердин сөз өнөрүн өркүндөтүүсүнө өбөлгө түзгөн Шота Руставелинин айтылуу дастаны Алыкул Осмоновдун эркин котормосунда 70 жыл ичинде алты ирет басылганы адабияттагы өзгөчө көрүнүш. Анткени түп нускадагы эң мыкты чыгармалар деле кайра-кайра китеп түрүндө чыгарылышы чанда кездеше

 
Мектеп окуучулары үчүн китептер
Бейшемби, 09 Тогуздун айы 2014 14:49

22ecdb766c09

 

Мектеп окуучулары үчүн кыргыз жана өзбек тилдеринде китептер:

 

 


Кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн:

 Орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн:

 Өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн:

 
<< Биринчи < Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки > Акыркы >>

Барак 2 / 6

Изде

Кирүү

Акыркы комментарийлер

Жарнак
Жарнак
Жарнак
Жарнак