Биздин

Главная Карта сайта О нас Наш адрес
 

(28.08 - 01.09) Техникалык тейлөө иштери
28.08.2015 16:01

Урматтуу сайттын колдонуучулары, биздин сайтта 28-август күнү саат 16:00дон баштап, 1-сентябр 06:00го чейин техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Ошого жараша, сайт мезгил-мезгили менен туура эмес иштеши мүмкүн.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

 
Жайкы акциянын жыйынтыгы
17.08.2015 13:36
Урматтуу катышуучулар, жайкы акцияда жигердүү салым кошконуңуздар үчүн баарыңыздарга алкыш айтабыз! 
Жайкы акцияга жалпы 188 колдонуучу катталган. Анын ичинен 132 катышуучу салым кошуп, 3 айда 160 158 фраза которулду. Июль айынын статисикасын жана жайкы акциянын жалпы статистикасын булжерден көрсөңүз болот.
Байге тапшыруу аземи өтө турган убакыты жана орду жакынкы күндөрү такталат.
 
Жайкы акция аяктады
05.08.2015 19:25

Өткөн апта күндөрү биздин жайкы акциябыз аяктады.
Бул акцияга катышкан бардык кыргыз тилинин күйөрмандарына терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин аракет, кыргыз тилинин Google Translate кызматына кошулушун дагы бир кадам жакындаткан чоң салым болду! Учурда июль айынын статистикасын күтүп жатабыз. Ошону менен акциянын толук жыйынтыгы чыгарылат. 
Учурда акция жарыяланбаганына карабастан, мурункудай эле күрдөөлдүү салым кошо бересиздер деп ишенебиз!

 
“Эл-Сөздүк” колдонмосу эми iOS системинде!
28.07.2015 09:26
banner

“Эл-Сөздүк” – биринчи кезекте кыргыз тилин билген, бирок билгенин дагы өркүндөтө берүүнү каалагандар үчүн түзүлгөн атайын кызмат. “Эл-Сөздүк” 39 жалпы жана тематикалык сөздүктөрдү камтып, 331 853 сөздүктүк сөз корунан жана миллондогон мисалдардан турат.

Эми бул кызмат iOS мобилдик түзмөктөрү үчүн дагы жеткиликтүү болуп калды. Көп колдонулган сөздүктөр түзмөккө түз орнотулат жана интернет аркылуу сайттагы сөздүктөрдөн дагы издөө жүргүзөт. Изделген сөздөрдүн тарыхы сакталат жана керектүү сөздөрдү тандамалдар тизмесине кошсо болот. Андан сырткары, көп колдонулган фразалар жана сөздөр орусча ж-а англисче котормолору менен жана кыргызча аудиолору менен берилген.

Учурдан пайдаланып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө багытталган долбоорлорубузду колдоп келе жаткан Beeline соода маркасына ыраазычылыгыбызды билдире кеткибиз келет.

Колдонмону бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

 
Windows системинде кыргызча тамгаларды (ө,ң,ү) колдонуу
21.05.2015 11:19

Азыркы учурда кыргыз тамгалары бардык Windows системдеринде иштейт. Аларды орнотуп алуу жана колдонуу оңой. Техникалык атайын билимдин кереги жок.

Бүгүнкү күндө кыргыз тамгаларын Windows операциондук системинде колдонуунун кеңири тараган 3 жолу бар. Алардын экөөсү бекер жана эч кандай кошумча жабдуу же программаларды сатып алууну талап кылбайт.

Кененирээк бул жерде.

 
Кыргыздын чыгаан кинорежиссеру Мелис Убукеев 80 жашка чыкмак
17.04.2015 16:36

Мелис Убукеев. "Улуу манасчы" (Великий сказитель)

Улуу манасчы Саякбай Карала уулун тасмага кайра-кайра тартып, Манасты тартканга дайарданып жүргөн. Мелис Убукеевдин 80 жылдыгына арнап көрүп койуңуз.

Жүктөп ал формат: (FLV) өлчөмү: (739.54MB)

Мелис Убукеев. "Тайгак кечүү" ("Белые горы", "Трудная переправа")

Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" тасмасы, кыргыз кинорежиссеру тарткан туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

 
Жүктөп ал формат: (FLV) өлчөмү: (755.84MB)
 
<< Первая < Предыдущая 1 2 3 4 5 6 Следующая > Последняя >>

Страница 1 из 6

Поиск

Вход

Последние комментарии

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер