Биздин

Главная Карта сайта О нас Наш адрес
 
Кыргызча тамгалардын жайгашуусу

Windows системинде кыргызча тамгаларды (ө,ң,ү) колдонуу боюнча PDF Печать E-mail
06.05.2015 17:05

 

Азыркы учурда кыргыз тамгалары бардык Windows системдеринде иштейт. Аларды орнотуп алуу жана колдонуу оңой. Техникалык атайын билимдин кереги жок.

Бүгүнкү күндө кыргыз тамгаларын Windows операциондук системинде колдонуунун кеңири тараган 3 жолу бар. Алардын экөөсү бекер жана эч кандай кошумча жабдуу же программаларды сатып алууну талап кылбайт.

  1. Windows системинин өзүндө камтылган кыргыз тамгаларын колдонуу

Системдик тамгаларды колдонуш  үчүн, экрандын оң жак төмөнкү бурчундагы тил тактасына курсорду алып келип, чычкандын оң баскычын басыңыз. 

alt

Ал жерден “Параметры” тандап, кийинки ачылган терезеде “Добавить” баскычын басыңыз .

alt

Ачылган терезеден кыргыз тилин “Киргизская (кирилицца)” тандап, эки жолу “ОК”ди басыңыз.

alt

Ушуну менен кыргыз тамгалары сиздин компүтериңизге орношту. Бул жолдун начар жагы , ө,ң, ү тамгаларын жазууда Alt баскычын чогуу басып туруу керек.  Мисалы: ү – тамгасын киргизүү үчүн: орусча “у” менен Alt тамгасын кошуп басыш керек.

Ө, ү, ң тамгаларын жазуунун толук айкаштары:

Кыргызча баскыч

Комбинация (кирилица)

ү

Alt+у

Ү (баш тамга)

Alt+Shift+у

ө

Alt+о

Ө (баш тамга)

Alt+ Shift+о

ң

Alt+н

Ң (баш тамга)

Alt+ Shift+н

2. Иштелип чыккан бекер кыргыз тамгаларын интернеттен орнотуп алуу

Айкаштары жок эле кыргыз тамгаларын түз баскыңыз келсе, Microsoft Keyboard Layout Creator программасын  жардамы менен түзүлгөн бекер орнотмолорду орнотуп алсаңыз болот:

#

Аталышы

Иштеп чыккан

Өзгөчөлүктөрү

Жүктөп алуу

1

Кыргызча ыңгайлуу

“Биздин Мурас” КФ, Кайрат Замирбеков

“ү” - “ё” тамгасынын;

“ө”  – “ъ” тамгасынын; “ң” –  “\” белгисинин ордунда орнотулган.

Rar форматта;

Zip форматта;

2

Кыргызча КК – казак баскычтарынын негизинде

“Биздин Мурас” КФ, Кайрат Замирбеков

Казак баскычтары менен иштеп көнүп калгандар  үчүн. “4” – “ң”, “8” – “ү”, “=” – “ө”, “6” – “,”, “7” – “.”

Rar форматта;

Zip форматта;

 

 

3

Кыргызская удобная

tamgasoft.kg сайты,

Руслан Чодоев

“=” белгиси – “ө”, “ъ” – “ү” жана “\” – “ң” болуп алмаштырылган.

Rar форматта;

Zip форматта;

 

4

Microsoft Keyboard Layout Creator (MSKL.exe)

Microsoft

Бул программаны орнотуп алып, кыргыз тамгаларын каалагандай жайгашытырып алсаңыз болот.

Exe форматта;

Мисал:

Биздин сайттан “Кыргызча ыңгайлуу” файлын  жүктөп алып, компүтериңизге орнотосуз.  Бул жерде ө, ү, ң тамгалары атайын баскычтарга жайгашканын көрсөңүз болот.

  alt

Эскертүү: “Кыргызча ыңгайлуу” жайгашуусунун компүтерге орноткондон кийин,  система автоматтык кошуучу “Киргизская (кирилица)” жайгашмасын алып салыш керек. Ал үчүн экрандын оң жак төмөнкү бурчундагы тил тактасына курсорду алып келип, чычкандын оң баскычын басып, чыккан менюдан “Параметры” басып, жаңы ачылган терезеден “Киргизская (кирилица)” жайгашмасын белгилеп туруп “Удалить” баскычын басыш керек. 

alt

3. Кыргыз тамгалары орнотулган баскычтакталар

Компүтер саткан дүкөндөрдө кыргыз тамгалары тактага орнотулган атайын кыргыз баскычтакталар сатылат. Артыкчылыгы - баскычтактада кыргыз тамгаларынын көз алдында көрүнүп тургандыгы. Баскычтактаны компүтерге кошкондо, тамгалар өзү орноп калат.  Баасы 320-480 сом.

 
Баннер
Баннер